Akchabarsearch
«Кыргызалтын» 2024-жылы рекорддук киреше тапты

Жарыяланган

2025-10-03, 14:06

«Кыргызалтын» 2024-жылы рекорддук киреше тапты

Былтыр “Кыргызалтын” ААКнын кирешеси 17,2 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36%га көп болду.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын эффективдүү башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди.  Мисалы, "Макмал Голд Компани" ЖЧКсынын филиалы 2022-жылдын аягында 200 миллион сомго жакын зыян тарткан.

Компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын талдоосунун жана өз убагында көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча, комбинат учурда технологияларды модернизациялоо жана кенди иштетүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жатат. 2024-жылдын жыйынтыгы менен заводдун кирешеси 400 миллион сомдон ашкан.

2024-жылдын сентябрында "Кыргызалтын" ААК алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөн ачкан. Кыска мөөнөттүн ичинде ишкана чендик куймаларын сатуудан олуттуу киреше ала баштады.


Тектеш материалды окуу