
Жарыяланган
2026-09-06, 12:46Кыргызстанда жеке сот аткаруучулар институтун түзүү пландалууда. Тиешелүү өзгөртүүлөр сот аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга киргизилип, ага президент Садыр Жапаров 3-июнда кол койду.
Жаңы тартипке ылайык, жеке сот аткаруучулар сот чечимдерин мажбурлап аткаруу иштерин мамлекеттик сот аткаруучулар менен катар жүргүзө алышат. Алардын ишин көзөмөлдөө үчүн Жеке сот аткаруучулардын бирдиктүү реестри, атайын палата жана квалификациялык, тартиптик комиссиялар түзүлөт.
Документтер жана процедуралар кагаз түрүндө да, электрондук түрдө да жүргүзүлөт. Бул үчүн коопсуз маалымат системалары колдонулат.
Сот аткаруучулардын ыйгарым укуктары да кеңейтилет. Алар карыз адамдарды жана алардын мүлкүн эл аралык издөө жарыялай алышат. Эл аралык келишимдердин негизинде чет өлкөлөрдө да иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Мындан тышкары, алар карыз адамды жумушка орноштурууга көмөктөшкөн уюмдарга жөнөтө алышат.
Ошондой эле компаниянын карызы болсо, сот аткаруучулар анын жетекчилерине өлкөдөн убактылуу чыгууга тыюу сала алышат.
Бул өзгөртүүлөр сот чечимдерин аткарууну ылдамдатууга жана мамлекеттик системага болгон жүктү азайтууга багытталган.
