Akchabarsearch
Кыргызстандын экспорту 23.7%га азайды

Жарыяланган

2025-07-11, 18:00

Кыргызстандын экспорту 23.7%га азайды

Быйыл январь–август айларында Кыргызстандын экспорту 23.7%га азайып, 1.73 млрд долларды, ал эми импорту 5.2%га кыскарып, 8.2 млрд долларды түздү.

Тышкы жана өз ара соода боюнча эң чоң үлүш мурдагыдай эле Бишкек шаарына туура келди. Борбордон 1.08 млрд долларлык товар экспорттолуп, 5.47 млрд долларга товар импорттолгон.

Экспорт көлөмү боюнча экинчи орунда Жалал-Абад облусу (226.9 млн доллар), үчүнчү орунда Чүй облусу (213.6 млн доллар) турат. Бул аймактардагы импорт тиешелүүлүгүнө жараша 144.5 млн жана 817.6 млн долларды түзгөн.

Нарын облусунда экспорттун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2.3 эсеге өсүп, 881 миң доллардан 2 млн долларга жеткен. Ал эми Талас облусунда, тескерисинче, экспорт 82.9%га кыскарып, 151.6 млн долларды түздү.
 


Тектеш материалды окуу