
Жарыяланган
2025-08-12, 09:28Өлкөдө 207 мектеп онлайн окууга өткөрүлүп, 214 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сасык тумоонун күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин көзөмөлүндө турат.
Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт.
Азыркы тапта билим берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.



