Akchabarsearch
Мамлекет бир жылдык казына облигацияларын жайгаштырып, 300 млн сом карыз алат

Жарыяланган

2026-09-06, 11:26

Мамлекет бир жылдык казына облигацияларын жайгаштырып, 300 млн сом карыз алат

Каржы министрлиги 11-июнда бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 300 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында көрсөтүлгөн.

Буга чейин 21-майда дагы министрлик 300 млн сомдук облигация жайгаштырган, бирок инвесторлордон түшкөн сунуштарга байланыштуу болгону 11 млн 650 миң сом ала алган.

Белгилей кетсек, 8-июнга карата мамлекеттин бир жылдык казына облигациялары боюнча 2 млрд 171 млн 839 миң сом карызы бар.

 


Тектеш материалды окуу