Akchabarsearch
Быйыл төрт айда "балага сүйүнчү" төлөөгө дээрлик 179 млн сом жумшалды

Жарыяланган

2025-02-06, 14:28

Быйыл төрт айда "балага сүйүнчү" төлөөгө дээрлик 179 млн сом жумшалды

Быйыл төрт айда 44 миң 666 ымыркайга "балага сүйүнчү" берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

"Балага сүйүнчүнү" төлөөгө 178 млн 940 миң сом жумшалган. Былтыр январь-апрель айларында 48 миң 534 балага 194 млн 963 миң сом сүйүнчү берилген. 

Эскерте кетсек, "балага сүйүнчү" ар бир ымыркайга 4 миң сомдон берилет. Ал эми үч же андан көп бала төрөлгөндө, ар бирине 50 миң сомдон төлөнөт. 


Тектеш материалды окуу