Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Шайлоо үчүнчү күндөрү өтөт. Ал күнү жарандар эс алып, айлык да алат

Жарыяланган

2026-09-06, 13:33

Мыйзам долбоору: Шайлоо үчүнчү күндөрү өтөт. Ал күнү жарандар эс алып, айлык да алат

Кыргызстанда президенттик жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону аптанын үчүнчү күндөрү өткөрүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору парламент төрагасы Марлен Маматалиев тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзамдын демилгечиси билдиргендей, Кыргызстанда шайлоого катышкандардын саны барган сайын азаюуда. Маселен 2010-жылдын 10-октябрындагы парламенттик шайлоого дээрлик 1.7 млн киши катышкан (шайлоочулардын 59.19%ы). Ал жылдары шайлоочулардын саны 2.8 миллиондон көбүрөөк болчу. 

Ал эми былтыр шайлоочулардын саны 1.5 эсе көбөйүп, дээрлик 4.3 миллионго жеткени менен 2025-жылдын 30-ноябрындагы шайлоого 1.6 миллионго жакын гана адам катышкан (шайлоочулардын 36.9%ы гана). Президенттик шайлоодо деле ушундай эле көрүнүш: жарандардын көбү шайлоого барбай калды. 

Мындан улам Маматалиев жарандардын шайлоого келиши үчүн бир нече өзгөртүүнү демилгелөөдө. 

Биринчиден ал шайлоону азыркыдай базар күндөрү эмес, аптанын үчүнчү күндөрү өткөрүүнү сунуштоодо. Себеби базар күн дем алыш болгондуктан, жарандар ал күнү шайлоого барууну эмес, эс алууну же башка иштерин бүткөрүүнү каалайт. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да шайлоо апта ичинде өткөрүлөт. 

Ал шайлоонү үчүнчү күндөрү өткөрүп турса, жарандар шайлоого көбүрөөк келет деп ишенет. 

Ошол эле учурда ал президенттик же парламенттик шайлоо өткөн күн Кыргызстанда эс алуу күнү (жумушчу эмес) болсун деп сунуштоодо. Ал күн жаран мамлекеттик же жеке мекеме-ишканада иштегенине карабай, дем алыш күн болот. 

Аны менен бирге жарандар шайлоо күнү эс алганына карабай, иш берүүчүлөр аларга ошол күндүн айлык акысын төлөп бериши керек болот. Кокус иш берүүчү кызматкерди шайлоо күнү иштете турган болсо, ошол күндүн маянасын эки эселеп төлөп, эс алганга башка бир күндү бериши керек болот. 


Тектеш материалды окуу