
Жарыяланган
2026-19-05, 10:01Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 174.6 чарчы метр жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык,1993-1997-жылдары мамлекеттик менчикте турган спорт комплекстин аймагындагы сүзүү бассейнине тиешелүү көмөкчү жайлар мыйзамсыз түрдө жеке жактарга өтүп кеткен.
Көрүлгөн прокурордук чара көрүү актыларынын жыйынтыгында, баасы 32 млн 840 миң сом болгон жогоруда белгиленген объект мамлекеттин карамагына кайтарылды.



