Жарыяланган
2025-03-09, 16:23Нарын электр тармактар ишканасы модернизациялоо иштеринин алкагында 2025-жылы бир катар курулуш долбоорлорун ишке ашырууда.
Жыл аягына чейин төмөнкү 5 маанилүү объект толук курулуп, ишке берилет: Нарын шаарындагы Нарын электр тармактарынын административдик имараты, Ат-Башы РЭТтин электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн имараты, Жумгал РЭТтин административдик имараты. Мындан тышкары Кочкор РЭТтин оңдоо цехи жана Кочкор районунун Чолпон айылында темир-бетон чыгаруучу цехи.
Бүгүнкү күндө объекттердин 80–90% бүттү. Бардыгы сентябрь–октябрь айларында пайдаланууга берилет.
Бул объекттер энергетиктер үчүн иш шарттарын жакшыртып гана тим болбостон, Нарын облусунун энергетикалык жана өндүрүштүк инфраструктурасын чыңдоого чоң салым кошот. Долбоорлор ишке ашкандан кийин аймактагы энергетикалык система жаңы деңгээлге чыгат.