Akchabarsearch
“Сузак” муниципалдык дыйкан базарын курууга 29 млн сом жумшалат

Жарыяланган

2025-02-12, 14:59

“Сузак” муниципалдык дыйкан базарын курууга 29 млн сом жумшалат

Сузак айыл өкмөтү “Сузак” муниципалдык дыйкан базарын курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Базарды салганга 29 млн 330 миң сом каралган.

Тендерди уткан компания базарды келишим түзүлгөндөн кийин 60 күндүн ичинде бүтүрүшү керек.

Тендер боюнча арыздар 16-декабрга чейин кабыл алынат.


Тектеш материалды окуу