Akchabarsearch
Төө-Ашууда акы алына турган узундугу 11.5 чакырым болгон тоннель салынат

Жарыяланган

2025-02-12, 14:01

Төө-Ашууда акы алына турган узундугу 11.5 чакырым болгон тоннель салынат

Төө-Ашууда узундугу 11.5 чакырым болгон тоннель салынат. Тиешелүү макулдашууга Транспорт министрлиги, Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жана "Тез Жол" ЖЧКсы башында турган компаниялардын консорциуму кол койду. 

Тоннелди салуу боюнча долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылат. 

Ага ылайык Төө-Ашууда деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте узундугу 11.5 чакырымга жеткен тоннель курулат. Анын эки жагында акы алына турган пункт болот. 

Андан тышкары консорциум жалпы кубаттуулугу 31.3 МВт болгон эки чакан ГЭС курат. 

Мунун баарын ишке ашырганга компания 640 млн доллар акча салат. 

Эскерте кетсек, азыр Төө-Ашууда 1962-жылы салынган Кусейин Көлбаев атындагы тоннель бар. Анын узундугу 2.2 чакырымды түзөт. Ашуу 3200 метр бийиктикте жайгашкан. 


Тектеш материалды окуу