
Жарыяланган
2026-09-06, 17:35Эс алууну пландаштыруу жагымдуу сезимдерди тартуулашы керек. Бирок иш жүзүндө тур тандоо көп учурда узакка созулган марафонго айланат: ондогон сайттар, жүздөгөн мейманканалар, түшүнүксүз фильтрлер жана бааларды тынымсыз салыштыруу. Натыйжада көпчүлүк адамдар тандоону кийинкиге жылдырып же кокусунан эле чечим кабыл алышат.
Саякатты тандоону жеңилдетүү жана тездетүү үчүн MTravel кызматында Турайка пайда болду — Кыргызстандагы турларды тандоо боюнча биринчи AI-жардамчы.
Көпчүлүк саякатчылар окшош эле көйгөйлөргө туш болушат:
• Сайттарды жана сунуштарды сааттап карап чыгууга туура келет;
• Жүздөгөн окшош мейманканалардын арасынан чындап ылайыктуу вариантты тандоо кыйын;
• Кечинде же түнкүсүн кеңеш алуу дээрлик мүмкүн эмес. Натыйжада тур издөө көп убакытты жана күч-аракетти талап кылат.
Турайка саякат издөө процессине болгон мамилени толугу менен өзгөртөт. Татаал фильтрлердин ордуна колдонуучу жөн гана өзүнүн идеалдуу эс алуусун сүрөттөп берет.
Мисалы:
«Июль айында үй-бүлөм менен жылуу өлкөдө эс алгым келет. Бюджетим 1500 долларга чейин. Жакшы пляж, балдар үчүн көңүл ачуулар жана күнүнө үч маал тамактануу керек».
Же болбосо:
«Деңиз жээгинде активдүү эс алууну каалайм. Дайвинг жана экскурсиялар болсун. Учуп кетүү эки жумадан кийин».
Турайка суроо-талапты талдап чыгып, маанилүү маалыматтарды тактайт жана зарыл болсо туура багыттоочу суроолорду берет. Андан соң система бир нече секунданын ичинде маалыматтарды иштеп чыгып, ылайыктуу турларды сунуштайт.
Тиешелүү сунуштар даяр болгондон кийин өтүнмө андан аркы кеңеш берүү жана саякатты жол-жоболоштуруу үчүн чыныгы турагентке өткөрүлүп берилет.
Турайка аркылуу тур тандоо үчүн:
• MBANK колдонмосун ачыңыз;
• MTravel кызматына кирип, «Турлар» бөлүмүн тандаңыз;
• «Турайка» баннерин басып, баарлашууну баштаңыз. Даяр! Эс алууңузга карай жол алыңыз!
Турайка жасалма интеллекттин ылдамдыгын жана кесипкөй турагенттердин тажрыйбасын айкалыштырат. Колдонуучуларга эми жүздөгөн сунуштарды өз алдынча карап чыгып, маалымат издөөгө убакыт коротуу зарыл эмес.
Жөн гана өзүңүздүн идеалдуу эс алууңуз тууралуу айтып бериңиз, калганын Турайка сиз үчүн аткарат — тез, ыңгайлуу жана түшүнүктүү.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы.



