
Жарыяланган
2025-27-01, 11:10Бишкекке Түркиядан жеткирилген ISUZU автобустары экспресс каттамдарга кое берилет. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, жакында эле Бишкек — Сокулук каттамы ишке кирди, жаңы автобустар Бишкек — “Манас” аэропорту сыяктуу узак каттамдарга жүрөт.
Белгилеп кетсек, Бишкекке дагы 20 жаңы ISUZU автобустары келе жатат. Жыл соңуна чейин макулдашылган 85 даана автобус толугу менен алып келинет.



