Akchabarsearch
Өзгөндөгү өндүрүш цехтерине 200 миң сом айып салынды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2026-01-06, 14:56

Өзгөндөгү өндүрүш цехтерине 200 миң сом айып салынды

Өзгөн районунун Кароол айыл аймагындагы Күнгөй участкасында жайгашкан өндүрүш цехтеринин курулушунда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө пластик жана таш чыгаруучу цехтер тиешелүү уруксат кагаздары жана долбоордук документтери жок курулуп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле объектилер мамлекеттик реестрге катталбаганы аныкталган.

Анын негизинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жаран Р.Т.га жана “Муслим Таш” ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилди. Аларга жалпы 200 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, бардык керектүү документтер толук бүткөрүлгөнгө чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.

 


Тектеш материалды окуу