Жарыяланган
2025-12-06, 18:06Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаменти жерге мунапыс берүү боюнча арыздарды кабыл алуу келерки айда аяктай турганын эске салат.
Жер мунапысына кирген объекттер боюнча арыздарды кабыл алуу иштери жүрүүдө, ал 1-июлда токтойт.
"Жер мунапысынын алкагында жарандардан түшкөн арыздар белгиленген тартипте караларын эскертебиз", - деп айтылат маалыматта.