Akchabarsearch
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 150 автоунаанын ачкычы тапшырылды
arrow right
arrow right

Жарыяланган

2025-16-09, 14:55

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 150 автоунаанын ачкычы тапшырылды

Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 150 автоунаанын ачкычын тапшырды. Бул тууралу аталган министрлик билдирди.

Жаңы автоунаалар “Хайтера” рациялары, GPS-навигациясы менен видеобайкоо камералары бар – санариптик технологиялар менен жабдылган.

Касымалиев борбордо каттоодо турган машинелердин саны 400 миңден ашып, келген-кеткендерди кошкондо 700 миңдей машина каттап жатканын белгилеп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлерди заманбап автоунаалар менен камсыздоо зарылчылыгын айтты.

“Мындай жетишкендиктер коомдогу тартипке жол ачууда. Коом тынч – заман тынч. Заман тынч болсо, мыйзамдарды сыйлап, коомдо кабыл алынган эрежелерди сактаган коом пайда болот. Ынтымак жана тартип орногон жерде – мамлекет туруктуу өнүгөт”-деди ал. 
 


Тектеш материалды окуу