Опубликовано
18.04.2023, 10:53“Айыл Банк” ААКсы “Айыл чарбаны каржылоо -11” мамлекеттик программасынын алкагында 5 миллион сомго чейинки жеңилдетилген насыяларды алууга арыздарды кароону улантууда. Бул тууралуу “Айыл Банк” банкынын башкаруу төрагасы Тилек Алимжанов Чүй облусунун Жайыл районунун фермерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, “Айыл Банк” – Кыргызстандагы айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө умтулган негизги каржы институттарынын бири. Банк дыйкандардын чарбасын көбөйтүүсүнө, аны менен катар ар бири өз тармагын өнүктүрүүсүнө мүмкүнчүлүгү болуусу үчүн каржы жаатында колдоо көрсөтөт.
Эске салсак, “Айыл чарбаны каржылоо -11” программасынын алкагында насыя алуу үчүн суроо-талаптар бүгүнкү күндө бекитилген сумманы ашып өттү. Ошентип, арыздардын жалпы суммасы 12 миллиард сомдон ашты. Буга байланыштуу насыяларды бекитүү боюнча иштерге оңдоолор киргизилди.
“Айыл Банк” биринчи кезекте банкка алгачкылардан болуп кайрылган дыйкандардын арызын карайт, башкача айтканда кезек тартиби сакталат. Кошумчалай кетсек, “Айыл Банк” электрондук кезек тартибин 2023-жылдын январь айында ишке киргизген.
Бүгүнкү күндө 539 миллион 141 миң 637сомго 1147 насыя берилди. Мындай насыяларды алуу үчүн кардарлар Улуттук Банк тарабынан бекитилген тиешелүү документтерди чогулткан, анын ичинде дыйканчылык тарыхы да бар.