Опубликовано
01.03.2022, 05:31Жогорку Кеңештин тармактын комитетинин жыйында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров “Социалдык фонддун бюджети жөнүндө” мыйзам долбоорлору боюнча баяндама жасап жатып, фонддун үстүбүздөгү жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 68 млрд 511 млн сомду түзөрүн айтты.
Тактап айтканда, "Социалдык фонддун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорунда Социалдык фонддун 2022-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүн 68 млрд 511 млн сом жана чыгаша бөлүгүн 67 млрд 144 млн бекитүү сунушталган.
Ал эми Социалдык фонддун 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет, кирешелер боюнча 56 млрд 56 млн сом өлчөмүндө болуп 2019-жылга салыштырмалуу 2 млрд 231 млн сомго көп каралган.
"Социалдык фонддун бюджетинин чыгашалары 56 млрд 635 млн сом, анын ичинде Пенсиялык фонддун чыгашалары – 52 млрд сом, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун чыгашалары – 2 млрд 361 млн сом, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашалары - 198 млн сом болгон. Ал эми тартыштык 579,8 млн сомду түздү", - деди баяндамачы.
Белгилей кетсек, “Социалдык фонддун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоорунда 2021-жылга карата бюджеттин киреше бөлүгү 62 млрд 449 млн сом сунушталган.
Социалдык фонддун 2021-жылдагы бюджетинин чыгашалары 62 млрд 12,7 млн сом өлчөмүндө бекитилген.