
Опубликовано
03.08.2023, 07:40Кыргызстанда дыйкандарга тамчылатып сугаруу боюнча талаада семинарлар өткөрүлөт. Ал жерде тамчылатып сугарууну колдонуп жаткан фермер өзүнүн тажрыйбасы жөнүндө айтып берет. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 209 жаңы тамчылатып сугаруу системасы орнотулду, 1724,2 гектарга жер аянты көбөйдү.
“Тамчылатып сугаруу системасын орноткон жана иштеткен чарбакер субъекттердин саны өлкө боюнча 755ти түзүп, жалпы жер аянты 7181,1 гектарга жетти”, - деп айтылат маалыматта.
Облустар боюнча алганда, Чүй облусунда – 116, Ысык-Көл облусунда – 127, Нарын облусунда – 12, Талас облусунда – 4, Ош облусунда – 130, Баткен облусунда – 148, Жалал-Абад облусунда-218 субъект бар.
Жалпысынан облустар боюнча тамчылатып сугаруу системасы 3610 га аянтка орнотулган. Ысык-Көлдө – 1875 га, Нарында – 98 га, Таласта – 17,1 га, Ошто – 420 га, Баткенде – 503 га, Жалал-Абадда – 658 га.



