1-сентябрдан тартып өзбекстандыктар Кыргызстанга кире алышат

31.08.2020, 10:00 Акчабар
1-сентябрдан тартып өзбекстандыктар Кыргызстанга кире алышат

1-сентябрдан тартып Өзбекстандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилет. Буга Өзбекстандын COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргени себеп болду.

Буга байланыштуу Өзбекстан 1-сентябрдан тартып коронавирус инфекциясынын жайылышы басаңдап, эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет.

21-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түзгөн.

Алар: Орусия, Грузия, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Түркмөнстан, Белгия, Австрия, Улуу Британия, Германия, Ирландия, Исландия, Италия, Латвия, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Португалия, Түркия, Швейцария, Швеция, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай, Малайзия, Түштүк Корея, Пакистан, Словения, Кувейт жана Жапония.

Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз өкмөтү ушул жылдын 19-мартынан тартып чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына киришине тыюу салган. Ошондой эл аралык авиакаттамдар да токтотулган.

Кыргызстан 7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмираттары менен аба каттамдарын калыбына келтирген. Ушул тапта Орусия менен да аба каттамдарын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Тэги: Сентябрь Өзбекстан Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть