17-сентябрга карата күйүүчү майдын баасы

17.09.2020, 11:30 Акчабар
17-сентябрга карата күйүүчү майдын баасы

Ири май куюучу жайлар боюнча сайттардын берген маалыматына ылайык, Бишкекте 17-сентябрь күнү, саат 10:40 карата АИ - 92 маркасында күйүүчү майдын баасы эч өзгөрүүсүз бойдон калды.

АИ-92 күйүүчү майдын борбордогу орточо баасы 32, 33 сомду түзүүдө. Дизелдин орточо баасы май куюучу жайларда - 33, 9 сомго, суюлтулган газ - 23, 33 сомго бааланууда.

АИ-92 күйүүчү майга болгон баанын төмөнкү баасы – 31, 7 сомду, АИ-95 - 36, 3 сомду түзүп жатат. АИ-98 маркасындагы күйүүчү майды эки май куюучу жай:«Газпром нефть» 42, 4 сом менен жана Bishkek Petroleum 44, 9 сом менен сунуштоодо.

Дизелдик отундун минималдуу баасы Бишкектеги май куюучу жайларда – 33, 5 сом менен сатылып жатат. Суюлтулган газды үч тармак сатып жатат:

- «Партнер Нефть» - 22, 9 сом менен;
- Bishkek Petroleum - 22, 9 сом (Бишкектеги жана Чүй облусундагы үч май куюучу жай);
- «Газпром нефть» - 24, 2 сом менен (Бишкектеги үч май куюучу жай).

Тэги: май куюучу жай күйүүчү май орточо баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть