2 жыл ичинде 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча чечим чыккан

09.12.2019, 13:10 Акчабар
2 жыл ичинде 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча чечим чыккан

Кээ бир судьялар — кылмышкерлердин ишинин оордугуна көз жумуп, алардын жоопкерчилигин жеңилдетип, кылмыш аракеттерин бурмалаган учурлар жок эмес. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышып жатканда айтты.

Айтымында, аларга карата Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы эң катуу чараларды көрүшү керек.

«Мага берилген маалымат боюнча, 2017-2019-жылдары Тартип комиссиясы 190 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү түрүндөгү тартип жазалары берилген. Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинде мурдагы 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген», — деди президент.

Тэги: судья жоопкерчилик тартип

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть