2024-жылга чейин 31 суу чарба объектисин пайдаланууга берүү пландаштырылууда

19.08.2020, 17:40 Акчабар
2024-жылга чейин 31 суу чарба объектисин пайдаланууга берүү пландаштырылууда

Президент бүгүн, 19-августта, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы ирригация долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

2019-жылы Дүйнөлүк банк менен Кош-Дөбө айылындагы ирригациялык системаны реабилитациялоо жөнүндө келишим түзүлгөн. Аталган долбоорду толугу менен ишке ашырууда жакынкы үч айыл өкмөтүндө 2,5 гектардай жаңы сугат жерин өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.

«Айыл чарбасы менен алектенген өлкөдө ирригация тутумдарын кеңейтүү — бул социалдык-экономикалык өнүгүүнүн маанилүү маселеси», — деп билдирген президент.

Эске салсак, 2026-жылга чейин КР ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы 3 этаптан турат, алардын экөө 2024-жылдын аягына чейин ишке ашырылат.

Бул мезгил аралыгында 31 суу чарба объектисин пайдаланууга берүү пландаштырылууда.

Тэги: суу чарба объектиси

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть