Акыркы 5 жыл ичинде азык-түлүккө баа кандай өзгөргөн?

20.11.2020, 10:46 Акчабар
Акыркы 5 жыл ичинде азык-түлүккө баа кандай өзгөргөн?

Акыркы 5 жыл ичинде азык-түлүк товарларына болгон баанын саны бир кыйла өзгөрдү. Мисалга алсак, 2020-жылдын январь айынан октябрга чейин керектөөчү баалардын саны республика боюнча 5.3% өскөн. «Акчабар» азык-түлүк бааларынын канчалык көлөмдө кымбаттаганын аныктап көрдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, баарынан дагы этке болгон баа эң көп кымбаттады. Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматына ылайык, 2019-жылдын октябрь айында кыргызстандыктар кой этин – 314.7 сомго жана уй этин – 241.8 сомго сатып алышса, 2020-жылы бул баалар 420 сомго чейин көтөрүлүп кеткен.

Кошумчалай кетсек, алкоголдук ичимдик жана чылымга болгон баалар дагы жогорулаган. Муну менен катар керектөөчү баалар жана тарифтер жыл башынан бери республика боюнча Талас облусунда максималдуу түрдө өскөнү катталган.

Тэги: тамак-аш азыктар баа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть