2020-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукция алдын ала берилген баа боюнча дээрлик 400 млрд сомду түзгөн. Бул маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Өткөн жылдын январь-сентябрь айына салыштырмалуу ИДПнын көлөмү 6% төмөндөгөн.
«Кумтөр» алтын кенинен сырткары ИДПнын 2020-жылдын январь-сентябрь айындагы көлөмү дээрлик 350 млрд сомду түзгөн жана 7.1% төмөндөгөн», — деп маалымдады статистикалык комитет.
Эске сала кетсек, Дүйнөлүк банк Орто Азия өлөлөрүнүн экономикасы боюнча начар прогнозун билдирген. «Европа жана Орто Азиянын экономикалык сереп» докладында, ОА экономикасы 2020-жылы 1.7% кыскарары айтылган.