Абылгазиев: «Чүй облусу бардык багыт боюнча лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар»

11.02.2020, 09:45 Акчабар
Абылгазиев: «Чүй облусу бардык багыт боюнча лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар»

Чүй облусунда ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Аблыгазиев КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын планы каралган коллегиясында билдирди.

Жыйында өкмөт башчы белгилегендей, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү орто.

«Чүй облусу бардык багыт боюнча лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок, тилекке каршы, аймактын дараметин өнүктүрүү үчүн аракет жетишсиз жасалууда», - деди өкмөт башчы.

Өкмөт башчынын айтымында, учурдагы дараметине карабастан, Чүй облусунда болгону туристтердин 5% гана эс алат.

Коллегияда премьер-министр республикадагы аймактарды өнүктүрүү, салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу, мамлекеттик сатып алуулар системасындагы реформа, мамлекеттин чыгымдарын оптимизациялоо, социалдык тармакты колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу айтып берди.

Ал, мамлекеттик финансылык институттар каржылай турган инвестициялык долбоорлорду даярдоо жана жүзөгө ашырууда жергиликтүү бийликтин ишкерлерге көмөк көрсөтүүсү маанилүү экендигин белгилеген.

Тэги: Абылгазиев Чүй облусу багыт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть