Абылгазиев экономикалык жоготууларды эсептөө жана бизнести колдоонун механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

18.03.2020, 09:00 Акчабар
Абылгазиев экономикалык жоготууларды эсептөө жана бизнести колдоонун механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу жагдайдагы экономикалык жоготууларды эсептөө жана бизнести колдоонун механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын ою боюнча, кризиске каршы иш-чараларды иштеп чыгуу менен катар эле мамлекет ата мекендик чакан жана орто бизнеске азыркы реалдуулукту эске алуу менен натыйжалуу колдоо механизмдерин сунушташы керек.

«Өкмөт бардык багыттар боюнча жарандардын алдындагы социалдык милдеттенмелерди толук кандуу аткарат. Бирок бул үчүн бюджеттик чыгашалар чечкиндүү жана олуттуу оптималдаштыруу керек жана бир нече чыгаша беренелерин кайра карап чыгуу зарыл. Ошондуктан ишкерликтин кыйла жабыр тарткан чөйрөсүн колдоо боюнча чаралар так жана негиздүү болуш керек деп эсептейм. Ал иш жүзүндө бизнеске жана кризистен калк жеңил чыгып кетишине жардам бергендей болуш керек», - деди Абылгазиев.

Бирок премьер-министрдин айтымында республикалык бюджетке кирешелер боюнча болжолдонгон түшүүлөрүнө байланыштуу учурдагы абалды да эске алуу керек, алар алдын ала 28 млрд сомго бааланууда.

«Көпчүлүк учурда бизнес жарандарды коргоонун мажбур болгон чараларын түшүнүү менен кабыл алууда, ал эми айрым жарандар жардам берүүнү жана аракеттешүүнү сунушташууда. Ишкерлер саламаттык сактоо тутумунун пайдалануусу үчүн имараттарын берүүгө даяр жана өлкөгө керек медициналык коргоочу каражаттарды чыгаруу жана ташууну жөнгө салышууда. Бизнес өкүлдөрү коом алдындагы жоопкерчилигин түшүнүү менен чыгым болорун билсе дагы жумуш орундарын жана айлык акыларды сактоого аракет кылып жатышат. Бул глобалдуу чакырыктын алдындагы жоопкерчиликти тең бөлүшкөн мекендештерибизге чын дилден ыраазычылык билдирем. Ал эми мамлекет өз кезегинде бардык резервдерди тартып, ата мекендик бизнести колдоо үчүн болгон күч-аракетин жасайт», - деди Абылгазиев.

Тэги: Абылгазиев экономикалык жоготуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть