Абылгазиев: «Жолдор – бул экономиканын күзгүсү»

20.12.2019, 10:10 Акчабар
Абылгазиев: «Жолдор – бул экономиканын күзгүсү»

«Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет», - деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы оңдоп-түздөөдөн өткөн Шакиров көчөсүнүн ачылыш салтанатында.

«Каттам бар жерде, багыт бар. Бул өлкөнүн өнүгүү жолу. Көз карандысыздыкты алган убакыттан баштап 2010-жылга чейин өлкөдө болгону 661 чакырым жол курулду. Ал эми 2019-жылы 700 чакырымдан ашык каттам салынды. Анын 416 чакырымына асфальт төшөлдү. Ошентип, бир жылдын ичинде оңдолгон жолдор акыркы 19 жылдагыга караганда көп. Бул өлкө өнүгүүнүн туура багытын тандап алганын айтып турат», - деди премьер-министр.

Узундугу 2,5 км болгон Шакиров көчөсүн оңдоо 2019-жылдын июнунда башталган. Долбоордун жалпы сметалык баасы 120 млн сом. Жол бардык тиешелүү инфраструктурасы менен курулган – эки тарабы тротуар, арыктар жана жарыктандыруу орнотулган, коомдук унаа токтоочу жерлер бар.

Тэги: Абылгазиев жолдор экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть