«Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасы аркылуу 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген

01.07.2020, 16:00 Акчабар
«Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасы аркылуу 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген

«Айыл чарбасын каржылоо – 8» программасы аркылуу 2020-жылдын 25-июнуна карата 7 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик банктардын ишмердүүлүгүн талкуулоо боюнча кеңешмеде билдирди.

«Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 25-июнуна карата 7 коммерциялык банк тарабынан жалпы суммасы 3,3 млрд сомго 6631 кредит берилген. Кредиттердин негизги бөлүгү жазында дыйкандар каражатка муктаж учурда берилген. Бирок биз көрүп тургандай, пландын жарымынан көбүрөөк бөлүгү аткарылды. Албетте, жазында карантин жарыяланган, бирок, кредит берүү көлөмүнүн кыскаруусу банктардын карыз алуучуларга карата талаптарынын жогорулашына байланыштуу деп эсептейм», - деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Табл.Маалымдама

млн. сом

Банктын аталышы

2020-ж. карата план

Жалпы берилгени

Саны

Суммасы

Бардык банктар боюнча

6 200,0

6 631

3 380,8

«Айыл Банк» ААК

2 800,0

2 373

1 449,2

«РСК Банк» ААК

2 800,0

3 047

1 607,9

«КИКБ» ЖЧК

100,0

95

78,0

«Банк Бай тушум» ААК

50,0

16

3,9

«Бакай Банк» ААК

300,0

290

120,8

«Оптима Банк» ААК

100,0

724

100,0

«КБ КЫРГЫЗСТАН» ААК

50,0

86

21,0

«Коммерциялык банктар «Түндүк» системасы аркылуу жарандарга кредиттик линия алуу үчүн зарыл документтерди топтоо процессин жеңилдете турган убакыт келди. Менимче, кредит алуу үчүн карыз алуучу 2-3 негизги документти, анын ичинде кредит алууга арыз жана бизнес-долбоорду көрсөтсө болот. Калган документтерди алар үчүн банктар мамлекеттик органдар жана башк банктар менен өз ара тыгыз аракеттешүүдө чогултуулары керек. Ар түрдүү мамлекеттик түзүмдөрдүн, финансы институттарынын жана калктын санариптештирүүнүн алкагындагы өз ара аракеттенүү системасын жакшыртуу зарыл», - деп кошумчалады өкмөт башчы.

Премьер-министр эки жумалык мөөнөттө кредит алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Тэги: Айыл чарбасын каржылоо – 8 программа насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть