Аксыдагы селден үйлөр зыянга учураган жок

04.05.2020, 15:30 Акчабар
Аксыдагы селден үйлөр зыянга учураган жок

Аксы районунда болгон селден үйлөргө зыян келтирилген жок. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад ТВ каналынын түз эфиринде Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов билдирди.

Түз эфирде ага, сел болгон Аксы жана Ала-Бука районунда калыбына келтирүү иштери кандай жүрүп жатат, жабыркагандарга мамлекет тарабынан эмне жардам болот деген суроо узатылды.

«Аксы районунда катуу жааган жаанга байланыштуу сел жүрдү. Анда 10 үйдүн короолорун суу каптаган. Үйлөргө зыян келтирилген эмес. Короолорду суу алган учурда мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Тазалоо иштерин жүргүзүүгө жергиликтүү бийликтин күчү жетип жатат. Ошол эле учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустагы башкармалыгы тарабынан жардам көрсөтүлүүдө», - деди ал.

Тэги: Аксы Жалал-Абад ТВ түз эфир Нурболот Мирзахмедов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть