Баатырбеков: Санариптик форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш

25.06.2020, 16:20 Акчабар
Баатырбеков: Санариптик форматта мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүүгө тийиш

Аралыктан иштөө режимине өтө турган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу максатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча жумуштарды күчөтүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр пандемия шартында жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн физикалык жактардын катышуусуз камсыз кылуу иштерин күчөтүү керектигин белгиледи.

«Коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңселерден эмес, үйдөн алуусуна бардык шарттарды түзүү керек. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жаңы технологияларды ишке киргизүү боюнча иштерди күчөтүүсү керек. Муну менен катар COVID-19 боюнча калкка маалыматтарды кеңири жеткирүү жана анын мындан ары жайылышын алдын улуу үчүн колл-борборлордун дараметин күчөтүү тууралуу маселени республикадагы уюлдук компаниялар менен тез арада иштеп чыгуу шарт», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Биринчи вице-премьер-министр жарандардын ден соолугун сактоо жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине кызматкерлердин аралыктан иштөө маселесин карап чыгууну тапшырды.

«Республикада эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү уюштурулушу шарт. Бирок бул аракет мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизбеши керек. Кеңселерде түзүлгөн кырдаалда мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн камсыз кыла турган саналуу гана кызматкерлер иштеп, имараттардын ичинде санитардык нормалар тийиштүү деңгээлде сакталууга тийиш», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын жыйынында тармактык мамлекеттик коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар менен байланышта болгондорду аныктоо иштерин күчөтүү үчүн маалыматтык жана интернет-технологияларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасы берилди.

Тэги: Аралыктан иштөө мамлекеттик органдар жумуштар Алмазбек Баатырбеков Республикалык ыкчам штаб

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть