Балаңыз акылдуу болсун десеңиз...

21.09.2020, 09:45 Акчабар
Балаңыз акылдуу болсун десеңиз...

Акча мектепти эмес, окуучуну ээрчиши керек

Билим берүү коомдун өнүгүшү жана алдыга жылуусу үчүн чечүүчү мааниге ээ. Аталган тармак коомдун негизги эрежелерин, баалуулуктарын балдардын жан дүйнөсүнө сиңирүүчү курал болуп эсептелинет. Билим берүү системасы өнүккөн аймактарда кылмыштуулук азайып, жумушсуздук маселеси чечилип, жалпы социалдык-экономикалык өнүгүү болот. Андыктан мамлекет үчүн жаштарга билим берүү негизги максат болуусу зарыл.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ

Кыргызстандын билим берүү системасы окутуунун сапаты жагынан да, материалдык камсыздануу жагынан да талапка жооп бербей турганы эч кимге сыр эмес. Анын үстүнө мектепке кирүү үчүн “шапка” берүү, класстык фондго акча чогултуу сымал терс көрүнүштөр коомдо кыжырланууну жаратып келет. Мектепти аяктап жаткан бала кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билбей калат. Ошол бойдон “элден калбай жогорку окуу жайга тапшыруу” деген принцип менен өзүнүн жөндөмүнө туура келбеген жана кесиптик суроо-талапка жооп бербеген адистиктерди тандашат. Жыйынтыгында жумушсуздук күч алууда. Орто мектепте билим алуу убактылуу көрүнүш катары кабылданып, өтө эле формалдуу түрдө.

Билим берүүнүн сапаты боюнча Кыргызстан PISA программасы боюнча акыркы орундарда турат. 2006-жылы 57-орунду гана камсыздап, ал эми 2009-жылы 65-орунга түшкөн. Мындан соң өлкө бийлиги аталган программага катышуудан баш тарткан.

  • Окуучулардын билим берүүдөгү жетишкендиктерин баалоо боюнча эл аралык программа (англ. Programme for International Student Assessment, PISA) – дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндөгү мектеп окуучуларынын сабаттуулугун жана алган билимин тажрыйбада колдоно билүүсүнө баа берген тестирлөө болуп саналат. Ал үч жылда бир өтүп, 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат.

PISA программасында алдыңкы орундарды бербеген өлкө – Финляндия.

Финляндияда билим берүү ваучер системасы менен каржыланып, учурда финдердин билим берүү модели дүйнө боюнча мыкты экенин далилдеди. Ваучердик каржылоо Финляндиянын орто билим берүү системасына төмөнкү артыкчылыктарды алып келди.

  • Мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү 100% акысыз
  • Каржылоо мектепке эмес, окуучунун өзүнө берилет
  • Окуучулардын жол акысы бийлик тарабынан төлөнөт
  • Бала бакчада жана мектепте тамак-ашы бекер
  • Китептер жана окуу куралдар бекер
  • Бала бакчадагы тарбиячы жана мектеп мугалими айына бир жолу баланын үйүнө барып үй-бүлөнүн көйгөйлөрү менен таанышып турат
  • Окуу жылынын аягында мугалимдердин бардыгы иштен кетирилип, кийинки жылга сынак аркылуу катышат
  • Кароосуз калган балдар жок

Финляндия тандап алган ваучердик схема билим берүүдө мыкты жыйынтыктарды берип, ийгиликтүү иштеп жатат.

ЖАҢЫ ЫКМА: КАРЖЫЛООНУН ВАУЧЕРДИК СИСТЕМАСЫ

Кыргызстандын билим берүү системасын өзгөртүү – коомчулуктун жана замандын талабы. “Бир Бол” партиясы үчүн балдардын келечеги, алардын билими жана акыл көрөңгөсү маанилүү болуп эсептелинет. Партиянын шайлоо алдындагы программасында билим берүүнү өнүктүрүү эң башкы максат катары белгиленген. Программанын көзүрү билим берүүдөгү ваучер системасы.

Ваучер деген эмне?

Билим берүү ваучери – окуучу тандаган мамлекеттик жана жеке мектеп үчүн өкмөттүк каржылоо сертификаты. Ваучер жыл сайын берилип, каражат билим алуу үчүн гана колдонулат.

Ваучер колго акчалай түрдө эмес, квитанция, талон же сертификат түрүндө берилет. Ваучердин наркын эсептөөдө тоолуу аймактар, шарты катаал региондор эске алынып, баасы кымбатыраак болот.

Ваучер эмне берет?

  • Окуучуларга, алардын ата-энелерине мамлекеттик жана жеке мектептерди тандоо укугу берилет
  • Билим берүүнүн сапаты жакшырат
  • Мугалимдердин кесипкөйлүгү артат
  • Мугалимдин айлыктары көтөрүлөт
  • Окутуучулардын мыктылары иргелип алынат жана аларда стимул пайда болот
  • Ваучердик системанын талаптарына жооп берген билим берүү мекемелеринин саны артат жана курулат
  • Мамлекеттик казынадан бөлүнгөн каражат максаттуу колдонулат
  • Орточо айлык маянасы нормадан төмөн ата-энелерге мамлекеттик колдоо болот
  • Билим берүү мекемелери арасындагы атаандаштык күчөйт
  • Атаандаштыкка туруштук берүү үчүн билим берүүдөгү жаңы технологиялар киргизилет
  • Билим берүүдөгү формалдуулук жоюлат
  • Жемкорлук жоюлат
  • Билим берүү мекемелеринде комфорт жана тийиштүү шарттар түзүлөт
  • Шарты мыкты жеке менчик билим берүү жайларынын саны өсөт

Ваучердин иштөө схемасы кандай?

1. Өкмөт бала бакча жана мектепке ар бир балага жылына канча сом керектелерин эсептейт.

2. Сертификат түрүндө балдары мектепте окуган ата-энеге тапшырылат.

3. Ваучер ээлери мамлекеттик жана жеке мектептердин арасынан мыктысын тандап, ваучерин ошол мектепке тапшырат.

4. Мектеп же ЖОЖдор топтолгон ваучерлерге жараша акча бөлүп берет.

5. Тийиштүү санда ваучер топтой албаган билим берүү жайларынын компетенттүүлүгүнө шек жаралат.

Демек, билим берүү мекемелери тийиштүү сандагы ваучер топтош үчүн ишмердүүлүгүн жакшыртууга, жаңы технологиялар менен камсыз болууга, окуу программасын кайра ойлонуп чыгууга жана коррупциядан арылууга мажбур болушат.

БИЛИМ БЕРҮҮНҮ КАРЖЫЛООНУН АЗЫРКЫ СИСТЕМАСЫ МЕНЕН ВАУЧЕРДИК КАРЖЫЛООНУН АЙЫРМАСЫ

2019-жылдагы санак боюнча өлкө боюнча 2 миң 268 мектеп бар. Аларда Кыргызстан боюнча 1 миллион 300 миң окуучу билим алат.

Билим берүү тармагына республикалык жана жергиликтүү бюджеттен биригип жылына 30 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлүнүп турат. Мындан сырткары ар бир мектептин коомдук кеңеши тарабынан ыктыярдуу түрдө каражат чогултулат.

“Бир Бол” партиясынын шайлоо алдындагы программасына ылайык, кыргыз өкмөтү ар бир окуучу балага башталышта 16 000 сомдук ваучерлерди берет. Республика боюнча 1 300 000 окуучуга жалпы 20 800 000 сом бөлүнөт. Жыйынтыгында бюджет кыйла үнөмдөлөт. Бул каржылоо үчүн мектептер арасындагы атаандаштык күчөп, сапат жогорулайт. Белгилей кетсек, ата-эне ваучер менен мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин арасынан каалаганын тандайт. Эгер жеке мектептеги каржылоо кымбат болсо, ата-эне жетпеген каражатты өзү толуктайт.

Директорлор окуучуларга кардар катары мамиле кылышат. Кардардык мамиле – мектеп директору менен окуучу, окуучу менен ата-эне, директор менен ата-энелердин ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн алдын алат. Эгер бала билим берүүнүн сапатына жана начар мамилеге макул болбой, мектептен кете турган болсо, акча да окуучунун артынан кете турганын мектептин жамааты ар убак эске алышы керек болот.

БИР БОЛ - №13 ЖАРАТМАН КҮЧ!

Тэги: Бир Бол окуучу мектеп

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть