Баткенде коомдук тамактануучу жайларга 50 миң сом айып пул салынды

17.09.2020, 14:00 Акчабар
Баткенде коомдук тамактануучу жайларга 50 миң сом айып пул салынды

Баткен шаарында бир нече жолу эскертүү алган коомдук тамактануучу жайлар жабылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

[news 28087]

Баткен облусунда рейддик иш чаралар уланууда. Жергиликтүү бийлик, санэпид көзөмөлдөө борбору жана ветеринария кызматкерлери тарабынан биргеликте жүргүзүлгөн рейддин негизинде коомдук транспорттор, тамактануучу жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы текшерүүгө алынды.

Буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилгенине карабастан бир катар коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптар аткарылбагандыктан, талапка жооп бербеген коомдук тамактануучу жайлар жабылды.

Рейддин жыйынтыгында жалпысынан 14 протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Мындай рейддик иш чаралар күн сайын жер-жерлерде уюштурулуп, көзөмөл күчөтүлүүдө.

Тэги: Баткен шаары коомдук тамактануучу жай республикалык штаб Баткен облусу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть