Бишкек – Кара-Балта жана Балыкчы – Корумду жолдору боюнча кылмыш иштери козголду

13.12.2019, 13:13 Акчабар
Бишкек – Кара-Балта жана Балыкчы – Корумду жолдору боюнча кылмыш иштери козголду

Транспорт жана жол министрлигинин дарегине такай сын пикирлер айтылып келет, кетирилген мүчүлүштүктөрдү оңдоп, өлкөнүн жол тармагын оңдоо, алынган насыя каражаттарын өз багытында жумшоо жана сарамжалдуу пайдалануу, коррупциялык жосундарды доюу жаатында кандай чаралар көрүлүп жатат, деги бул багытта жылыштар барбы? Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркулов жолдорду куруу жана калыбына келтирүү үчүн алынган насыялардын жана чет өлкөлүк жардамдардын натыйжалуулугу жөнүндө маалымат угулуп жатканда ушундай собол салды.

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов жол тармагынын ишин жакшыртуу, анын ичинде жолдорду калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө, жаңы жолдорду куруу жаатында бир топ алгылыктуу чаралар иштелип чыгып, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты. «Азыр Азия өнүктүрүү банкынын ГРИП директору алмаштырылып, долбоорлорду өткөрүүнүн жаңы тартиби киргизилүүдө. Ушул жылы алгач ирет бюджеттик каржылоо эрежелеринин сакталышына көзөмөл кыла турган көзкарандысыз техникалык консультанттарды жалдадык», - деди ал.

Депутат Иса Өмүркулов жол курулгандан кийин көп өтпөй эле аларды кайрадан оңдоп-түзөөгө туура келип жатканын, ошондуктан жолдун сапатына өзгөчө көңүл буруу, жол кура турган компанияларды жалаң четтен жалдай бербей, министрликке караштуу Жол чарба департаменти сындуу ири ишканаларды да колдоно билүү зарылдыгын белгиледи.

Андан сырткары, узундугу 33 чакырымга созулган Ош-Баткен-Исфана жолу 2020-жылы бүткөрүлө турганы белгилүү болду. «Жолдун 20 чакырымына биринчи катмардагы асфальт төшөлдү, эми кыщында көпүрөлөр менен жол нугуна шагыл төшөлөт. Долбоор келерки жылы аягына чыгарылып, пайдаланууга берилмекчи», - деди министр.

Башкы прокуратуранын өкүлү Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу боюнча текшерүү жүрүп жатканын, Транспорт жана жол министрлигине коррупциялык чийимдерди жоюу боюнча жол каратасы берилгенин билдирди. «Түндүк-Түштүк жолу боюнча текшерүү жыынтыгында юридикалык баа берилет. Ал эми Бишкек – Кара-Балта жолунун жана Балыкчы – Корумду жолунун курулушу боюнча кылмыш иши козголду», - деди башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөмбиев.

Тэги: Бишкек-Кара-Балта кылмыш иши транспорт министрлиги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть