Бишкекке Кувейттен Кыргызстандын жарандары учуп келди

30.06.2020, 16:00 Акчабар
Бишкекке Кувейттен Кыргызстандын жарандары учуп келди

30-июнда «Манас» эл аралык аэропорту «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттам менен Кувейттен Кыргызстанга келген 102 КР жаранын тосуп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бул авиакаттам менен Кувейттен ошондой эле буга чейин Катар, Египет жана Малайзияда жүргөн КР жарандары үчүн Кувейт тарабынын макулдашуу боюнча чет өлкөлүк жарандардын келүүсүндө орун алган чектөөлөрдүн шартында өлкөгө келүүнүн транзиттик маршруту уюштурулган.

Каттам дүйнөдөгү COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги бул каттамды уюштурууну ишке ашырган.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жашап жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалаган КР жарандарын алып келүү боюнча иштер уланууда.

Тэги: каттам Кувейт Бишкек Кыргызстан учак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть