Бишкекке БАЭден жана бир катар өлкөлөрдөн 159 кыргызстандык келди

17.07.2020, 16:30 Акчабар
Бишкекке БАЭден жана бир катар өлкөлөрдөн 159 кыргызстандык келди

Бүгүн, 17-июлда Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) «Дубай – Бишкек» багыты боюнча «Fly Dubai» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Кыргызстандын 159 жараны кайтып келди. Алардын арасында жаш балдар дагы бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн эмират тарабы менен жетишилген макулдашуулардын негизинде ишке ашырылган.

Белгилей кетсек, бул каттам менен транзиттик которулуп түшүү менен Кыргызстанга биздин жарандар АКШ, Канада, Улуу Британия, Афганистан, Египет, Корея Республикасы, Вьетнам, Япония, Мальдив, Бахрейнден келишти.

Дубайдын аэропортунан бардык жүргүнчүлөрдөн коронавируска карата экспресс-тесттер алынды, алар терс жыйынтык көрсөткөн.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.

Тэги: Дубай – Бишкек Fly Dubai авиакомпания чартердик каттам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть