Бишкек ЖЭБге күз-кыш мезгилинде 1.1 млн тонна көмүр керектелет

28.10.2020, 08:45 Акчабар
Бишкек ЖЭБге күз-кыш мезгилинде 1.1 млн тонна көмүр керектелет

ААК «Улуттукэнергохолдинг» компаниясынын берген маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБге 1.1 млн тонна көмүр керектелет.

Вице-премьер-министр Равшан Сабиров ЖЭБ Бишкектин 2020-2021-жылга карата күз-кыш мезгилине болгон даярдыгы менен таанышты.

Азыркы учурда көмүрдүн запасы 296 миң тоннаны түзөт, бул көлөм эки айга эсептелген.

«Шаардык мекемелер, ишканалар жана калк үзгүлтүксүз ысык суу жана жылуулук менен камсыз болушу үчүн кийинки жылытуу мезгилинин өтүшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу керек. Өлкөдөгү олуттуу эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, бул милдетке эки тараптуу жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек. Туура эмес аткарылган учурда жетекчилер жеке жоопкерчиликке тартылышат», – деп билдирди Равшан Сабиров.

Кошумчалай кетсек, жылытуучу от казандар менен турбиналык генераторлордун иши бекитилген планга ылайык жүргүзулүп жатат.

Тэги: Бишкек ЖЭБ көмүр Равшан Сабиров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть