БШКнын координациялык тобуна 21 арыз келип түштү

04.10.2020, 12:35 Акчабар
БШКнын координациялык тобуна 21 арыз келип түштү

Шайлоо башталгандан бери БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 21 арыз келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди.

Ал ар бир арыз боюнча тиешелүү чара көрүлөрүн айтып өттү.

«Жабдыктардын иштебей жатат, айрым телеканалдарда үгүт материалдар көрсөтүлүүдө, белгисиз бир адам тизме чогултуп жатат, саясий партиялардын байкоочулары шайлоочуну кабинкага чейин коштоп барып жатат, акча таратуу, шайлоо кутусунун жанында кишилер отурат, адамдар ташылып жатат, айрым адамдарга белги коюлган беткаптар жана алдына ала белгиленген шайлоо бюллетендери берилип жатат ж.б. деген арыздануулар болууда. Ар бир мыйзам бузууга тиешелүү чара көрүлөт», - деди ал.

Ал белгилегендей, андан тышкары БШКнын мүчөлөрүнө да жарандардан, партиялардын өкүлдөрүнөн мыйзам бузуулар боюнча кайрылуулар болууда.

Тэги: БШК Тынчтык Шайназаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть