Виргин компаниясы Жалал-Абаддагы алтын-жез кенин 90% сатып алууну көздөйт

19.09.2019, 14:56 Акчабар
Виргин компаниясы Жалал-Абаддагы алтын-жез кенин  90% сатып алууну көздөйт

Канаданын The Globe and Mail маалымат агенттиги билдиргендей, RTG Mining Inc компаниясы White Cliff Minerals Limited менен биргеликте Кыргызстандын Чанач алтын-жез кенин 90% сатып алуу тууралуу макулдашууну бекиткен. Бул тууралуу Тазабек маалымат агенттиги жазып чыкты.

Макулдашуунун баасы алтын бирдигине 3, 65$, жездин бирдигине болгон баа 0, 0063$ түзөт.

Чанач жалал-Абад облусунда жайгашкан. Буга чейинки маалыматтарда, кен казууга лицензия ОсОО Chanach компаниясына таандык болгон. Бул компаниянын директору Заболотний Дмитрий Иванович жана колдоочулары деп (учредитель) PB Partners Malaysia LTD, BW Three Holdings LTD компаниялары эсептелет. Акыркы жолу компания каттоодон 2010 – жылы 6 – августта өткөн.

Интернеттеги маалыматка ылайык, RTG Mining Inc. (RTG) тактап айтканда, Чаначтагы кендин 90% сатып алууга кызыкдар болгон компания, Британиядагы Виргин аралында катталган. Бул компания кен казуу жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп келет, арзан баада алтынды сатып алып, аны кайра жогорку сапатта өндүрүү боюнча долбоорлордун үстүндө иштейт. Учурда аталган компаниянын Филиппинде дагы долбоорлору бар.

Тэги: Чанач Жалал-Абад кен казуу 2019 90%

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть