Чет элдик жарандар Кыргызстандан 1-майга чейин визасыз чыга алышат

30.03.2020, 11:15 Акчабар
Чет элдик жарандар Кыргызстандан 1-майга чейин визасыз чыга алышат

Кыргыз Республикасынын аймагында виза менен жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар 2020-жылдын 1-майына чейин чыгуу визаларын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете алышат. Бул тууралуу КР Өкмөтү тарабынан тиешелүү буйрук кабыл алынды.

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандарда жана жарандыгы жок адамдарда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүдө пайда болгон кыйынчылыктар болуп саналат.

Эми бул маселе чечилди. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да Кыргыз Республикасынын аймагында боло алышат жана 2020-жылдын 1-майына чейин андан тышкары тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.

Тэги: чет элдик жарандар Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть