Чүй облусундагы эки мектептин курулушуна капсула салынды

30.12.2019, 17:39 Акчабар
Чүй облусундагы эки мектептин курулушуна капсула салынды

Чүй облусунун Төмөнкү Ала-Арча айылындагы жаңы мектептин жана Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы №1 лицейдин кошумча имаратынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Курулуш жана архитектура мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, бүгүнкү капсула салуу салтанаты жергиликтүү тургундар үчүн өзгөчө күн.

«Бүгүнкү иш-чара мамлекет билим берүүнү биринчи орунга койгондугунан кабар берет. Мен ишенем, жакынкы учурда биз ушул мектептин ачылуу аземинде жолугуп калабыз», - деди ал.

Курулуш иштерине жалпы жонунан 140 миллион сом каралган.

Тэги: Чүй облусу мектеп курулуш капсула

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть