Дубайдан 178 кыргызстандык алынып келди

27.04.2020, 09:45 Акчабар
Дубайдан 178 кыргызстандык алынып келди

Бишкекке 26-апрель күнү, «Fly Dubai» авиакомпаниясынын «Дубай-Бишкек» каттамы менен 178 кыргыз жараны келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мурдарак Бириккен Араб Эмираттарынын бийгили менен «Дубай-Бишкек» маршруту боюнча чартердик каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

«Аталган маселе КРнын президентинин кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча тапшырмасынын алкагында чечилген», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы аба каттамдар коронавирустун жайылуусунан улам убактылуу токтотулган.

Ошол эле учурда КРнын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын БАЭден 3-майда жана 10-майда мекенине алып келүү үчүн кошумча каттамдарды уюштуруу боюнча алдын ала макулдашууга жетишилгендигин эскертет.

Тэги: Дубай кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть