ЕАЭБдеги мамлекеттик карыздын көлөмү курстун алмашуусуна байланыштуу 0.6% төмөндөгөн

25.05.2020, 16:20 Акчабар
ЕАЭБдеги мамлекеттик карыздын көлөмү курстун алмашуусуна байланыштуу 0.6% төмөндөгөн

2020-жылдын 1-апрелине карата, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБ боюнча АКШ доллары менен алынган карыздын көлөмү 6% төмөндөгөнү байкалган. Бул улуттук валютанын долларга карата курсунун тез арада түшүп кетиши жана ички карыздын төмөндөөсү менен шарттуу болгон.

Муну менен катар белгилей кетүүчү нерсе, Евразия экономикалык бирикмеде улуттук валютадагы карыздын көлөмү өскөн. Мисалы, Кыргызстандын ички карызы 1-апрелге карата 52 млрд сомду (бир жыл ичинде +5.9 млрд сомду түзгөн), ошону менен катар эле АКШ валютасы менен 100 млн $ төмөндөдү.

Кошумчалай кетсек, улуттук валюта жана АКШ доллары менен тышкы карыздын көлөмү дагы көбөйгөн.

Эскерте кетсек, мамлекеттик карыздын структурасы ар бир мамлекеттики ар башкача түзүлгөн. Эгерде Арменияда, Белорусияда жана Кыргызстанда тышкы карыздын көлөмү жогору болсо, Казакстан жана Россияда - ички карыздын көлөмү өскөн.

Тэги: ЕАЭБ мамкарыз көлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть