ЕАЭБден келген импорттун көлөмү экспорттон 3.4 эсе жогору болгон

25.05.2020, 10:30 Акчабар
ЕАЭБден келген импорттун көлөмү экспорттон 3.4 эсе жогору болгон

Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь-март айында Евразия экономикалык бирикмеден келген импорттук товарлардын көлөмү 475 млн 925 миң 368 долларды түзгөн. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссия билдирди.

Өсүү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5.1% түзгөн.

Кошумчалай кетсек, Армениядан келген ипорттун көлөмү 612 миң 343 долларды түзүп, 8.8 эсеге көп, ал эми Россиядан келген товарлардын көлөмү 18.9% көп болгон. Кыргызстанга келген импорттун ичинен 75.9% же 361 млн 394 миң 625 доллар Орусияга таандык.

Ошол эле учурда Белорусиядан келген (8 млн 189 миң 263 долларды түзгөн) жана Казакстандан (105 млн 729 миң 137 долларды түзгөн) келген товардын көлөму 3.4% же 24.8% төмөндөгөн.

Тэги: ЕАЭБ экспорт импорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть