Эл өкүлү Өкмөттү бажы алымдарына болгон жеңилдик мөөнөтүн узартуу боюнча ЕЭКке кайрылуусун өтүндү

10.10.2019, 10:25 Акчабар
Эл өкүлү Өкмөттү бажы алымдарына болгон жеңилдик мөөнөтүн узартуу боюнча ЕЭКке кайрылуусун өтүндү

Эл өкүлү Жыргалбек Турускулов («Республика-Ата-Журт») бүгүн, 10 – октябрда 2020 – жылдын 1 – январынан тарта Кыргызстанда автоуунага болгон бажы алымдарынын жеңилдиктеринин токтотуу чечимин жоюу боюнча пикрин билдирди.

Депутат Мамлекеттик салык кызматынын билдирген маалыматына таянуу менен, ЕАЭСтин тарифи күчүнө киргенден тарта, 2016 – жылы Кыргызстанга болгону 489 автоунаа катталганы, 2017 – жылы 867 автоунаа катталганын айтып чыкты.

Андан соң, 2018 – жылдын 25 – июлунда өкмөт кабыл алган чечимге ылайык, 2018 – жылы Кыргызстанга 7792 автоунаа алынып келинген, 2019 – жылдын 8 айында – 15 миң 128 автоунаа катталганын билдирди.

Депутаттын айтымында, көрсөтүлгөн жеңилдиктер өлкөнүн экологиясына жана экономикасына жакшы таасирин тийгизген.

Бул багыт менен, экологияга терс таасирин тийгизген эски автоунаалардын саны кыскарып, жаны автоууналардын келиши көбөйгөн. 2019 – жылы 29 электромобилдик автоунаалар, 1299- гибрид унаалары катталган. Муну менен катар, көптөгөн адамдар жумуш орду менен камсыз болушуп, көпчүлүгү автоунаалуу болгонго дагы жетишкен.

Жыргалбек Турускулов Өкмөттү Еворазия экономикалык комиссияга автоунаалардын бажы салымдарына болгон жеңилдик мөөнөтүн дагы узартуу боюнча кайрылуу жасашын өтүндү.

Тэги: Эл өкүлү бажы алымдары Депутат Бажы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть