ЕРӨБ Кыргызстанга 3 самолет алып берет

21.05.2020, 16:15 Акчабар
ЕРӨБ Кыргызстанга 3 самолет алып берет

Евразия өнүктүрүү банкы Кыргызстандагы ички каттамдарды жүргүзгөн бир авиакомпанияга үч жаңы самолет алып берүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу ЕРӨБдүн басма сөз кызматы билдирди.

ЕРӨБдүн жетекчиси Андрей Бельяниновдун айтымында, банк үч учакты сатып алуу үчүн каржы бөлөт жана бул долбоорду мамлекеттик транзиттик лизинг компаниясы аркылуу ишке ашырат. Андан сырткары, ЕРӨБ Кыргызстандагы сегиз аэропортту модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча сунушун берди.

«Учурда Кыргызстан үчүн авиапарктарды жаңылоо абдан керек. Жергиликтүү авикомпаниялардын учактары, тилекке каршы 10-20 жыл мурун чыгарылгандыктан, Кыргызстанга Евробиримдиктеги өлкөлөргө учууга тыюу салынган. Эл аралык өнүгүү банкы тарабынан колдоого алынган авиакомпания аз гана киреше таба алчу. Анын базалык аэропорту борбордогу «Манас» аэропорт», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, март айынын башында, чыгарылган мөөнөтүнөн 25 жыл өткөн учактарды Кыргыз Республикасынын Жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестрине киргизүүгө тыюу салынган.

Тэги: самолет учак Евразия өнүктүрүү банкы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть