CASA-1000 долбоору: 15 жылда Кыргызстан 1,5 млрд доллардан ашык каражат табат

11.12.2019, 13:45 Акчабар
CASA-1000 долбоору: 15 жылда Кыргызстан 1,5 млрд доллардан ашык каражат табат

CASA-1000 долбоорунун алкагында 15 жылда Кыргызстан 1,5 млрд доллардан ашык каражат табат. Бул тууралуу «Кабар»агенттигиндеги маалымат жыйында «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсынын долбоорлорду өнүктүрүү боюнча аткаруучу директору Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Долбоордун алкагында «Электр станциялары» ишканасы 1,2 млрд доллар, "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКсы 322 млн доллар табат. Экспорттоло турган электр энергиянын 1 кВ/саатынын баасы 5,42 цент болот.

«Электр станциялары» АККсынын башкы директорунун орун басары Улан Орозоевдин айтымы боюнча, келишимге ылайык суу көбөйгөн же азайган учурда Кыргызстан шарттарды караштыра алат.

Биринчи баскычтын алкагында Кыргызстан жыл сайын май айынан сентябрга чейин 377 млн кВ/саат электр энергиясын жөнөтүп туруш керек.

«Экинчи баскыч боюнча биз 800 млн кВ/саат жөнөтө алабыз. Башкача айтканда 377 млн кВ/саатты биз милдеттүү түрдө жөнөтөбүз. Ал эми 800 млн кВ/саатты мүмкүнчүлүккө карап жөнөтсөк болот», - деди Орозоев.

Ал, жай айларында өлкөдө электр энергиясын керектөө азаярын белгилеп, жайында электр энергиясын экспорттоо кыйынчылык туудурбай тургандыгын айтып өттү.

Орозоев, жаңы кубаттуулуктар киргизилип жаткандыктан электр энергиясын туруктуу экспорттоо мүмкүн экенин айтат.

Анын айтымында, келишимде каралгандай, Кыргызстан менен Тажикстанда электр энергиясында тартыштык ж.б. болсо эки өлкө бири-биринин ордуна электр энергиясын жөнөтө алат.

«Эгер бир мамлекет бир жылы электр энергиясын жөнөтө албаса, ал укугун башка тарапка өткөрүп бере алат. Башкача айтканда электр энергияны Тажикстан биздин ордубузга же биз алардын ордуна жөнөтө алабыз», - деди ал.

Белгилей кетсек, CASA-1000 долбооруна 4 мамлекет кирет: Кыргызстан, Тажикстан, Афганстан жана Пакистан. Долбоор ишке ашкандан кийин Кыргызстан менен Тажикстан Афганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттой баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1 млрд доллардан ашат. Анын ичинен Кыргызстанга 233 млн доллар, Тажикстанга 314 млн доллар, Афганстанга 354 млн доллар, Пакистанга 209 млн доллар туура келет.

Тэги: CASA-1000 долбоору Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть