Балыкчы шаарындагы ОсОО «Грейн Групп» компаниясы банкротко учурады. Бул тууралуу республикалык газеталардын биринде жазылып чыкты.
Маалым болгондой, бул чечим экономика жана админстративдик иштер боюнча өткөн 10-октябрдагы Ысык-Көл облустук сотунда кабыл алынган.
Экономика министрлигинин банкрот иштери боюнча Департаментинин 2019-жылдын 23-октябрдагы приказы менен ОсОО «Грейн Групптун» админстратору – Токтосун Сарыгулов банкротко учурады деп жарыяланган.
Маалымат үчүн:
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси жана уюштуруучусу болуп Тургунбаев Асамат Жусупбекович эсептелинет. Компания ун, жемиш жана жаңгак өстүрү менен алектенчү.