Исаков: Мугалимдердин эмгек акысы үзгүлтүккө учурабайт

12.05.2020, 11:15 Акчабар
Исаков: Мугалимдердин эмгек акысы үзгүлтүккө учурабайт

Мугалимдердин эмгек акысы үзгүлтүккө учурабайт. Бул туралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурмунда Жогорку Кеӊештин депутаты Саматбек Ибраевдин берген суроосунда жооп берди.

Эл өкүлүн билим берүү жаатындагы маселелер, быйылкы даярдыктар коронавирус илдетине байланыштуу окутуунун шарттары кызыктырды.

Министр «коронавируска байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды коет. Билим берүү жана илим министрлиги мындай чечимди биринчи кезекте окуучулардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн кабыл алды. Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдө ЖРТга көбүрөөк убакыт ажыратып, жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүк жаралды.Министрлик сунуштаган формат боюнча ар бир мектепте тиешелүү буйруктун жана убактылуу жобонун негизинде предметтик комиссиялар түзүлөт. Алар бүтүрүүчү класстын окуучусунун текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коюшат. Эгер окуучу же алардын ата-энелери (же аларды алмаштыруучу жактар) жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул эмес болсо, апелляциялык комиссияга кайрыла алат. Апелляциялык комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат. Жалпы мамлекеттик аттестация 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтөт», - деп билдирди.

Тэги: Исаков мугалим эмгек акы Каныбек Исаков

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть