Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык кайтып келди

29.05.2020, 14:00 Акчабар
Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык кайтып келди

Корея жана Филиппинден 58 кыргызстандык кайтып келди, - деп билдирет КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, алар бүгүн, 29-майда «T-way» авиакомпаниясынын ««Сеул-Бишкек-Сеул» маршруту боюнча Бишкекке учуп келишкен.

Аталган каттам Корея Республикасынан Кыргызстандын жарандарын жана Кыргызстандан Кореянын, Япониянын жана Америка Кошмо Штаттарынын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн корей тарабы менен жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жаткырылды.



«КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн, анын ичинде өнөктөш-өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда, чет өлкөлөрдөгү КР жарандарын кайтаруу жолдорун жана каттамдарын издөө улантылууда» , - деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Тэги: Корея Филиппин кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть